Turmush — Каракол шаарында окуучуларга бышпаган таттуу нан (пончик) берилгени тууралуу видео тарагандан кийин аталган мектепке атайын комиссия барды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Комиссиянын курамында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери, шаардык активисттер жана билим берүү бөлүмүнүн адистери болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия учурда даярдалып жаткан тамак-аштын сапатын, окуучуларга тамак берүүдө санитардык нормалардын сакталышын карады.
Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Индира Бектенованын айтымында, интернетке чыккан ата-эненин кайрылуусунун негизинде комиссия мектепке барган. Бирок текшерүү учурунда видеодо көрсөтүлгөн пончиктин үлгүсү табылган эмес.
«Шаардагы бардык билим берүү мекемелерине санитардык көзөмөл жүргүзүлүп турат. Буга чейин март айында бул мектепте да толук текшерүү жүргүзүлүп, даяр тамак-аштын үлгүлөрү алынган. Тамак-аштын калориясы талапка жооп берери аныкталган. Ошондой эле ашкана кызматкерлерине санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү текшерүүдө тамак-аштын даярдалышы жана ашкананын санитардык-гигиеналык абалы каралды. Олуттуу кемчилик аныкталган жок. Балдарга күнүнө 5 маал кезек менен тамак берилет. Ар бир класска жаңы даярдалган тамак сунушталат, мурдагы тамактын калдыгы берилбейт. Ар бир бышырылган тамактын үлгүсү 48 саат муздаткычта сакталат», — деди ал.
Текшерүү маалында ар бир мектептеги окуучуларга берилүүчү тамак-аштын менюсу шаардык билим берүү бөлүмү менен санитардык-эпидемиологиялык борбордун макулдугу аркылуу түзүлөрү белгилүү болду. Меню бекитилгенден кийин тендерден уткан ишкана мектептерге керектүү азык-түлүктү жеткирет. Ал эми видеодо сөз болгон пончиктер ошол тендерден уткан ишкананын пекарнясында даярдалары маалымдалды.
Ушундан улам комиссия нан бышыруучу жайга да барып, ал жактагы шарт менен таанышты. Алар бышырылып жаткан нандарды текшерип, ошондой эле мектептерге жеткирилип жаткан кургатылган мөмөлөрдү, какты жана эт сыяктуу азыктарды сактоо шартын карашты.
Пекарнянын кызматкери Асель Жунусбекованын айтымында, ошол күнү мектептер үчүн 7 миң даана пончик даярдалган.
«Биздин пекарняда мектептерге жөнөтүлүүчү бөлкө нан жана башка азыктар даярдалат. Интернетте чийки деп тарап жаткан маалымат жалган болушу мүмкүн. Анткени ошол пончиктерди өзүбүз да жеп көргөнбүз. Пончиктин камыры бисквит болгондуктан, окуучу сумкасына салып алганда былчыйып, ортосу жабышкак болуп калышы ыктымал. Ошондон улам ушундай пикир жаралган болушу мүмкүн. Бизде азыктар күн сайын жаңы жана таза даярдалат», — деди ал.
Ал эми видеону тарткан ата-эне да комиссиянын курамында болуп, ал видеону класстын чатына гана жөнөткөнүн айтты. Анын айтымында, негизги максаты — маалыматты мектеп жетекчисине жеткирүү болгон. Ал пончиктерди мектептин ашканасы өзү даярдайт деп ойлоп, жетекчилик көзөмөлгө алышы үчүн видеого тартып жибергенин билдирди. Ошондой эле ал балдары мектепте даярдалган башка ысык тамактарды күн сайын ичерин, ысык тамак боюнча нааразычылыгы жок экенин кошумчалады.
Ак-Суу райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чолпон Келгенбаева видеодон кийин мектептер жана нан бышыруучу жай текшерилгенин айтып, комиссиянын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.