Turmush — Бүгүнкү күндө илим-техника тынбай өнүгүп, кечээги кичине шаарлар заманбап мегаполиске айланып турган мезгилде Кыргызстандагы шаарлар да артта калбай, бюджетине жараша иштер жасалып келет. Бүгүн кеп кыла турган шаар — Айдаркен шаары.
Баткен облусунда жайгашкан шаар жаңы мэр келгенден кийин өнүгүүгө карай бет алды. 2019-жылы шаардын 1 жылдык бюджети 16 млн сомду түзсө, өткөн жылы бюджети дээрлик 5 млн сомго көбөйүп, 19,5 млн сомду түздү. Шаардагы аткарылып жаткан иштер боюнча мэр Байышбек Астанакулов айтып берди.
Карыздан өнүгүүгө карай
Мен келгенге чейин мэриянын 1,5 млн сом карызы бар экен. Ары-бери чуркап, кат жазып, кайрылуулар менен биринчи ишим шаар менен таанышуу жана карыздан кутулуу менен башталды. Кыскасы, 2019-жыл карыздан кутулуу, келечекке так, анык план коюу менен өттү. 2020-жылдын башынан кызуу иш башталганда эле пандемия болуп кетип, 6 ай убактыбызды алды. Ал арада баарыбыз ынтымак менен иштеп отуруп, ал пандемиядан жакшы чыктык.
Буга чейин Айдаркен шаарынын ички жолдору каралган эмес эле. Пандемиядан кийинки биринчи эле иштеримди жол оңдоо менен баштадым. Жолдор башкармалыгына жана өнүктүрүү фондуна кат жазып отуруп, өздүк салым кошуп, 4 км жакын ички жолдорду оңдодук. Андан кийин шаар ичин жарыктандырууну жеке ишкерлер менен кошо ишке ашырдык.
Долбоорлор менен иш алып баруу
Мындан сырткары окуучулар менен тыгыз иштешип, бейөкмөт уюмдардын «Чексиз достук» долбоорунун негизинде Айдаркен шаарындагы чоң айланма жолдун ички жана сырткы аянттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эс алуучу жайга айландырып, оргумаларды жана отургучтарды жайгаштырдык. Айдаркен шаарында башка жерде эс алуучу бак болгону менен мэриянын балансында жок болчу.
Мындан сырткары, окуучуларга көмөк көрсөтүп, мэриянын имаратынан бир бөлмө берип, ал жерге окуучулар менен биргеликте китепкана ачып, учурда кызуу иштеп жатат. Биздин максат — жаштарды, окуучуларды билимге сугарып, өзүбүздүн шаарга, районго, өлкөгө пайдасы тие турган мыкты адис кылып чыгаруу. Ошол себептен окуучулар менен тыгыз иштешип келебиз.
Жергиликтүү бюджетти карап отурсаң көп иштер аткарылбай калчудай. Ошондуктан биз долбоорлорду баштап, демөөрчүлөр менен биргеликте иш алып барып, 1,5 жыл ичинде жакшы иш жасаганга аракет кылдык. Буйруса өзгөрүү бар. Мисалы, мен мэр болуп келгенде шаарды 1,5 миллион сом карызы менен кабыл алгам. Негизи шаардын 16 миллион сом бюджети бар эле.
Алдыдагы пландар
Келекте жасай турган иштер көп, ага карата көптөгөн пландарды түзүп жатабыз. Жаштар менен иштешүү, ирригациялык арыктарды оңдоо, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү шахматтын жүрүшүндөй кылып түстүү үйлөргө айлантсак деп турабыз. Шаардагы 80 пайыз үйлөр боёлуп, шаарга киргенде эле адамдарга башкача таасир калтыруу керек жана даректерди издеп тапканга да ыңгайлуу кылып жасоо керек. Эң негизгиси шаар тазаланып, гүлдөр эгилип, көрккө келтирилет.
Мындан сырткары Айдаркен шаарынын ичинде суу түтүктөрүнүн жана канализация түтүктөрүнүн баары алмашат. Бул долбоорго 2 млн АКШ доллары керектелип, аны Дүйнөлүк банк каржылайт. Анын 65% грант катары берилип, жумуш толук аткарылып бүткөндөн кийин 3 жылдан 15 жылга чейин бөлүнүп, калган 35% төлөнөт. Ага кошумча акчаны биз албайбыз. Алар өздөрү жасап беришет.
Өткөн жылы 100 адам жумуш менен камсыз болгон
Азык-түлүк программасына катышып, шаардагы 2 чоң мектептин мештерин жаңылап, 2 млн сомдон 4 млн сомдук жаңы 2 меш орноттук. А бирок өздүк салым деп биз ашканаларынын бүт баарын жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Мындан башка ошол эле Азык-түлүк программасынын алкагында шаарда жумушсуз жүргөн 100 адамга айына 100 доллар берип, 2 айлык жумуш менен камсыз кылдык. Мектептерге окуучулар үчүн комуз, гитара, аккордеон жана башка аспаптарды үйрөнүү үчүн ийримдерди ачып, аларга да бөлмө бердик.
Шаар тургундары үчүн жакшы жеңилдиктер
Бейөкмөт уюмдардын «Бирдиктүү терезе» деген программасын мэриянын 1-кабатына жайгаштырып жатабыз. Азыр толук ишке кире элек. Ал толугу менен ишке кирсе, мэрия кызматкерлери жең ичинен иш кыла албайт же коррупция кыла албайт. Баары ачык-айкын болот. Ал жайга келген жаран мэриянын 5-6 эшигине кирип, кезек күтүп, жалдырап, иш бүтүрүп, убактысын текке кетирбейт. Бир эле бирдиктүү терезеден бүтүрүп кете берет.
Мисал менен айтканда, мэриянын бюджетинде 1 млн сом болсо, жылдын аягында 30 млн сомдук ишти жасадык десем болот. Мен мэр болуп келгенде шаардын жылдык бюджети 16 млн сомду түзгөн. Бирок 1,5 млн сом карыз менен мага өткөн. А биздин команда ынтымактуу иштеп, карызды да төлөп, жакшы иштерди да аткарып, шаардын бюджетин 16 млн сомдон 19,5 млн сомго көтөрдүк. Мындайча айтканда, 4,5 млн сомго бюджет көтөрүлдү.
Туристтерди тартуу боюнча конкреттүү пландар
Шаарда спорт тармагына көңүл бурулат. Мындан сырткары Айдаркен кышкысын да, жайкысын да туристтерге ыңгайлуу жер. Ички жана сырткы туристтерге да шарт түзүп, аларды өзүбүзгө тартуу планда бар.
Андан кийин таштанды ташуучу 2 унаа алуу жолдору сүйлөшүлүп жатат. Ага кошумча таштанды таштоочу контейнерлер орнотулат. Жайкысын жолдорго суу сээп, кышкысын кар сүрүүчү жана жарнамалык баннерлерди алмаштыруучу жалпы 4 унаа алып келүү боюнча сүйлөшүү иштери жүрүп жатат.
Кесиптик лицейлерди жандандыруу менен айыл жаштарын тарбиялап, шыктандырып, даяр адис кылып чыгаруу пландалууда. Шаарда калкты тейлөө кызматтары өзүбүздө толук иштесе элге жакшы шарт түзүлөт. Учурда тиешелүү жетекчиликке кат менен кайрылып, Айдаркен шаарынын эли Кадамжай шаарына каттабастан, Айдаркен шаарынан эле көп документ ишин бүтүрүп кете турганы айтылган. Аны да ишке ашыруу пландалып, ишке ашуу этабында турат.