Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусу, Айдаркен 09.01.2020 13:44

Айдаркендиктер майып жердешине 2 бөлмөлүү батир алып беришти (видео)

Turmush -  Айдаркен шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Акылбек Сарыбаевге жердештери 2 бөлмөлүү батир алып беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Акылбек Сарыбаев 2-топтогу майып. Ал буга чейин үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы батирди ижарага алып жашап келген. Ал үйгө муктаж экенин билдирип, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылган. Кайрылуудан соң «Айдаркен» коому колдоо көрсөтүүнү чечкен.

Аталган коом Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерден түзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келет. Акылбек Сарыбаев жаңы жылга карата 2 бөлмөлүү батирге ээ болду. Үйдө бардык шарт бар, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

34 жаштагы Акыл Сарыбаев Айдаркен шаарында туулуп, өскөн. Үй-бүлөлүү, балдары жок. Апасы менен бирге жашашат. А.Сарыбаев жана жубайы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Акылбек үй-бүлөсүн Бишкек шаарындагы базарда араба түртүп багып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×