Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 22.10.2018 09:38

Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 18 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 22-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткендеги Айдаркен шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бөлмөсүндө өрт чыккан. Анын кесепетинен полу жана үй тиричилик буюмдары күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле Оштогу Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Бабаш уулу айылында от менен ойногон балдар тоют чөптү өрттөшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×