Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 18.04.2018 11:01

Видео — Айдаркен шаарында, Лейлек районунда кар жаап жатат

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде Айдаркен шаарында эртең менен кар жаай баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаар бийик тоолуу аймак болгондуктан өрүктөр жаңы эле гүлдөп баштаган. Эгер түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп кетсе гүлдөгөн өрүктөргө зыян болушу мүмкүн.

Ошондой эле, Лейлек районунун тоолуу аймактарына кар жаады. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак, Ай-Көл айылдарына, Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак, Көк-Таш, Искра айылдарына суу кар жаап жатат. Аталган айыл айматктарда өрүк гүлүн төгүп, алма, жаңгак, алмурут жана башка дарактар гүлдөө алдында турган. Бүгүн суук болсо мөмө жемиштерди үшүк алышы мүмкүн.

ӨКМ бүгүн, 18-апрелден 20-апрелге чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу ыктымал.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
18-апрелинде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, 18-19-апрелдеринде Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

18-20-апрелдеринде Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында 0…-2° суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×