Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 18.12.2017 10:59

Айдаркенде кайрымдуулук дүкөнү ачылды (фото)

Turmush -  Айдаркен шаардык мэриясынын имаратында ар кандай кийимдерди жана азык-түлүктөрдү топтоп, аларды муктаж жарандарга акысыз таратуучу кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Бул дүкөндү ачууну демилгелегендердин бири Жаныбек Сарботоевдин айтымында, учурда жергиликтүүлөр өз салымдарын кошуп жатышат.

«Бул демилгени Айдаркен шаарынын 33 жаштагы тургуну Алтынгүл Нуралиева менен биргеликте көтөрдүк. Дүкөндүн максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү. Ошондой эле, ата-энесинен ажыраган балдарга көңүл бурулат», - деди Жаныбек Сарботоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×