Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 01.12.2017 17:23

Айдаркендеги унаа кырсыктан жубайлар жаракат алды

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрда Айдаркен шаарындагы унаа кырсыктан жубайлар жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык эртең менен саат 07:00 чамасында Айдаркен шаарына кире бериште болгон. «Тойота» үлгүсүндөгү жеңил унаа башкаруусун жоготуп, даракты сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги жубайлар жаракат алып, Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилди.

Учурда аталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×