Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Айдаркенде «Жети баатыр» аскер бөлүгүнүн 18 жылдыгы белгиленүүдө

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы №2023 «Жети баатыр» аскер бөлүгүнүн 18 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында атайын парад уюштурулду. Чек арачыларга диплом, акчалай сыйлыктар жана төш белгилер тапшырылды. «Жети баатыр» аскер бөлүгү 1999-жылы 8-ноябрда Баткен согушунан кийин түзүлгөн. Ага чейин Айдаркен шаары менен чектешкен айыл өкмөттөрдө куралдуу кагылышуулар болуп, Сырт айылында 7 аскер окко учкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1574
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:23,   20.04.2018   ( 12 адам окуп жатат)
×