Turmush - Айдаркенде шаарында жалгыз согуш ардагери Иван Чекалкин калды.
Мэриянын маалыматына караганда, шаарда бүгүн, 8-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Майрамдык салтанат Айдаркен шаарындагы жалгыз 92 жаштагы ардагер Иван Чекалкиндин куттуктоосу менен башталып, каза болгондор эскерилди. Иван аксакалга жана оорукта эмгектенген 6 ардагерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Майрам мектеп окуучулары даярдаган концерттик программа менен коштолду.