Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Жер титирөөдөн улам Айдаркендеги мектептин окуучулары таратылды

Turmush -  Айдаркен шаарында жер титирөөгө байланыштуу окуучулар жана бала бакчадагы бөбөктөр окуусун токтотуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриясынан билдирди. Маалымат караганда, жер титирөө бүгүн эртең менен катталды.

Буга чейин ӨКМ бүгүн, 3-майда Кыргызстандын жашоочулары очогу Тажикстан менен болгон чек арада жайгашкан жер титирөөнү сезишкендигин кабарлаган.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышка карай 259 км, Кара-Кенжадан түндүккө карай 18 км алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен биринчи толкуну саат 10:46да болсо, күчү 5,6 баллга жеткен экинчи толкуну саат 10:47де болду. Эпицентрдин тереңдиги 10 км.

Министрлик кийинчерээк кенен маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2503
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×