Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 10.03.2017 10:57

Айдаркенде «Жылдын мугалими-2017» сынагы өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы О.Маканов орто мектебинде «Жылдын мугалими-2017» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынакка Айдаркен шаарындагы 10 мектептин ичинен 9 мектептин мугалимдери катышты.

Беш бөлүктөн турган мелдештин соңунда О.Маканов орто мектеби 1-орунду камсыз кылды. 2-орунду Эшме орто мектеби, 3-орунду Моло толук эмес орто мектеби ээледи. 1-орунду камсыз кылган мектеп райондук турга жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×