Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 15.02.2017 10:11 На русском

Ооган согушунун Айдаркендеги 9 ардагери сыйланды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарында кечээ, 14-февралда Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриясынан кабарлашты.

Алгач, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ооган согушунда курман болгондордун элесине арналып курулган эстеликке гүл коюп, куран окушту. Андан кийин жергиликтүү бийлик тарабынан ардагерлерге грамоталар тапшырылып, алар окуучуларга согуш тууралуу айтып беришти. Жолугушууда окуучулар ардагерлерге концерттик программа тартуулап, улуттук күрөш боюнча сынак да өткөрүлдү.

Учурда Айдаркен шаарында Ооган согушунун 9 ардагери жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×