Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 06.02.2017 12:54

Айдаркен шаарынын мэри кворум жок дагы шайланбай калды

Turmush -  Бүгүн, 6-февралда Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоого кайрадан кворум болбой калды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү шайлоого болгону 11 депутат гана келген. Мэрликке КСДП партиясынан Абдыразак Козубаев жалгыз талапкерлигин койгон. Мыйзамга ылайык, шаар мэри көрсөтүлгөн убакыт ичинде шайланбаса Айдаркен шаардык кеңеши тарап кетиши мүмкүн.

Буга чейин 25-январга белгиленген шайлоодо да кворум болбой калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×