Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Айдаркендиктер жаңы жыл майрамын борбордук аянтта жана маданият үйүндө белгилешти

Turmush -  Айдаркен шаарында жаңы жылга карата 2 жерде майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Мэрия маалымдагандай, майрам 31-декабрь күнү борбордук аянтта жана шаардык маданият үйүндө белгиленди.

Маданият үйүндөгү салтанатка күбө болгондор алгач шаардык маданият үйү тарабынан уюштурулган ар кандай оюн-зоокторго күбө болушту. Аталган кечеде жаштар арасында кол күрөш, жаздыкча менен урушуу, таш көтөрүү сыяктуу спорттук мелдештер дагы уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчү болгондорго маданият үйү тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Ал эми борбордук аянтта өткөн жаңы жылдык майрамды Айдаркен шаарынын мэри Абдыразак Козубаев ачты. Борбордук аянтка келген 2 миңге жакын көрүүчүгө концерттик программалар көрсөтүлүп, салют атуу аземи менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×