Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 16.08.2016 11:10

Айдаркендин ички жолдору өтө оор абалда, - тургундар (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын ички жолдоруна кайрадан асфальт төшөө зарылчылыгы жаралды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарынын ички жолдору СССР мезгилинде курулган. Андан бери жергиликтүү бийлик жолдун чуңкур жерлерин гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келет. Бирок, асфальт төшөлгөнүнө бир топ жыл болгондуктан жолду кайра оңдоодо жыйынтык чыкпай калган.

«Жакында эле акчанын тартыштыгынан жолдун чуңкур жерлерине гана шагыл төшөлгөн. Арадан 2 ай өтүп, ал шагылдан азыр эч нерсе калган жок. Жергиликтүү бийлик бул жолго асфальт төшөөгө 100 млн сомдон ашык акча кете турганын айтууда.

Учурда жолдун начардыгы жергиликтүү тургундарга бир катар ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Жергиликтүү бийликтин каражаты жетишсиз болгондуктан жогорку бийликтен Айдаркен шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөтүп берүүнү суранабыз», - дешет жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×