Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Айдаркенде 3 тилди үйрөтүүчү бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Айдаркен шаарында 3 тилде окутуучу бала бакча ачылды. Мэрия маалымдагандай, №19 орто мектептин 1-кабатында кечээ, 3-июнда ачылган «Эдельвейс гүлү» бала бакчасы тарбиялануучуларга кыргыз, орус жана англис тилдерин үйрөтөт.

Ачылыш аземге Баткен облусунан, Кадамжай районунан келген жетекчилер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мындай демилгени алып чыккан №19 орто мектептин мугалими, бир катар сыйлыктардын, ордендердин ээси Зуура Алиевага шаар эли ыраазычылык билдирди. Бала бакчалар тартыш болуп турганда мындай билим берүүчү бала бакчаны ачуу келечек муундар үчүн чоң пайда, дешет алар.

«Эдельвейс гүлү» бала бакчасынын ачылышына шаардык мэрия, Кадамжай райондук администрациясы, БУУнун өнүктүрүү программасы жана «Айдаркен сымап комбинаты» жана башка уюмдар көмөк көрсөтүшкөн.

Кеченин жүрүшүндө «Күн нуру» бала бакчасынын тарбиялануучулары таланттарын көрсөтүп, концерттик программа тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×