Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 02.06.2016 09:22

Айдаркен шаарындагы балдар спорттук мелдештерге түштү (фото)

Turmush -  Айдаркен шаарында кечээ, 1-июнда - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараны мэриянын аппарат жетекчиси Үлпат Жакыпова ачып, жаш жеткинчектерди майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Майрам концерттик программалар менен коштолуп, спорттук мелдештер уюштурулду. Майрамдын көркүн жомоктогу каармандар, ыр, бийлер ачты.

Аталган иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×