Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Баткен

Айдаркенде таштандыдан табылган дененин өздүгү аныкталып, анын өлүмүнө шектелип айылдашы кармалды

Turmush -  Айдаркен шаары менен Чечме айылынын ортосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан 17-мартта 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылганын Кадамжай РИИБ маалымдаган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери башталган.

Кадамжай РИИБ менен Баткен ОИИБдин кылм­ыш иликтөөчүлөрү дененин өздүгүн тактап, анын өлүмүнө шектүүнү камакка алышты. Өлтүрүлгөн жаран Жа­лал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айылынын 28 жаштагы тургуну С.Эсеналиев болуп чыкты.

Анын өлүмүнө 24 жаштагы айылдашы М.Т. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу ­жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1197
×